Алсак, 2024-жылдын 17-мартында Жалал-Абад шаарында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.А. Сакиев менен “Кытай темир жолдору” мамлекеттик корпорациясынын директордун орун басары Ван Тунцзень баштаган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул сапар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча тараптар мурда макулдашкан биргелешкен Иш-чаралар планынын алкагында өтүүдө.
2024-жылдын 18-март күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жайгашкан №82 орто мектебинде темир жолчулар окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети тарабынан 2021-жылы 24-сентябрындагы №183 Токтому менен бекитилген «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндөгү» Жобонун талаптарына ылайык 2024-жылдын 27-мартында аукцион өткөрүлөт.
«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Локомотив» спорттук–ден соолукту чыңдоо комплексинин негизги максаты ишкананын кызматкерлери жана шаар тургундары үчүн эс алууну жана спорттун активдүү түрлөрү менен машыгууну уюштурууга багытталган.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы эксплуатация учурунда кыймылдуу курамдын дөңгөлөктөрүн калыбына келтирүү үчүн заманбап жабдууларды ишке киргизди.
1924-жылы салынып бир эле бутактан башталган, азыркы учурда компаниянын карамагында 424,6 чакырым темир жол, 28 бекет бар, ал эми ишкананын штатында 5000ден ашык кызматкер эмгектенет.