Жалпы маалымат

Компания жөнүндө

СССРдин Транспорт министрлигинин 1958-жылдын 13-майындагы Токтомунун негизинде “№6-Пишпек жол бөлүмү” “Казак темир жолунун №10-Фрунзе бөлүмү” болуп кайрадан түзүлгөн.

1977-жылдын 18-ноябрында СССРдин Жол каттамдары боюнча министрлигинин Буйругуна ылайык, “Казак темир жолунун №10-Фрунзе бөлүмү” Алма-Ата темир жолунун курамына киргизилип, “Ленин орденинин ээси Алма-Ата темир жолунун №3-Фрунзе бөлүмү” деп аталып калды.

1992-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Алма-Ата темир жолунун №3-Фрунзе бөлүмү” “Кыргыз темир жолу Башкармалыгы” болуп түзүлгөн.

  Ал эми 2005-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун Жарлыгына ылайык, “Кыргыз темир жолунун Башкармалыгы” – “Кыргыз темир жолу” “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы деп аталып калды.

  “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын уставына ылайык, жана 2005-жылдын 19-июльундагы бекитилген токтомуна жараша, компания “Кыргыз темир жолу Башкармалыгынын” ишин улантуучу орган болуп эсептелет.

  Кыргыз темир жолунун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрилиги тарабынан тескелип, темир жол транспорту, дегеле Кыргызстандын транспорт тармагындагы мамлекеттик саясат жүргүзүлөт.

  “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы темир жолу аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу милдетин аткарат.

  Компаниянын ишинин жыйынтыгы көргөзгөндөй Кыргыз темир жолунун келечеги кең. Жылдан-жылга негизги өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрү өсүү жолунда.

  Жыл сайын Кыргыз темир жолу аркылуу 7 млн. тоннадан ашык жүк ташылып турат. Ишкана республикадагы ири салык төлөөчүлөрдүн лидери ктарында белгилүү.