Маданият жана спорт

Ден – соолукту бекемдөө, башкы максат.

"Локомотив" спорт комплекси

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы 2008-жылы  “Локомотив”  спорт комплексинин курулушун баштаган. Буга чейин бул жерде стадион гана жайгашкан болчу. Курулушка сарпталган каражат толугу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы ишканалардын арасында биринчи жолу мындай чоң долбоор ишке ашып олтурат.

Долбоордун негизинде көп тармактуу спорт комплекси курулуп, анда муз тебүү аренасы, хореография жана бий залдары, машыгуучулар жана машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө мында жыл бою массалык муз тебүүгө, театралдык он-зоокторду өткөрүүгө, хоккей, футбол сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгууга, жана турнирлерди өткөрүүгө бардык шарттар бар.

Спорт комплексинин негизги максаты: темир жолчуларга жана шаардыктарга сергек жашоо мүнөзүн тартуулоо жана алардын эс алуусун уюштуруу болуп эсептелет.

Муз тебүүчү жалпы аянты: 1122 кв.м. Бир мезгилде 150 адам муз тебе алат.
Орундуктар 850 көрүүчүгө ылайыкташтырылган.