Кыргыз темир жолунун тарыхы

Кыргызстандын темир жол тармагынын калыптанышы XX-кылымдын башталышына туш келет.1915-жылы Карасуудан тартып, Жалал-Абад станциясына чейин эң алгачкы темир жолу курулуп пайдаланууга берилет. Ал эми 1913-1931-жылдары курулган темир жолу ошол кездеги Борбордук Азия менен Сибирди байланыштырып турган Туркестан-Сибирь (Турксиб) темир жол магистральына кирген. Бул жол Борбордук Азия өлкөлөрүндө пахтачылыкты кеңири өнүктүрүп, ошол эле учурда Сибирдин дан жана ун азыктарын алып келүүчү эң кыска транспорт байланышы болуп эсептелген.
Турксиб темир жолу тарыхы узун жана өтө татаал курулуш иштеринен болгон.

  1924-жылдын жаз айларынан тартып, Казахстандын түштүгүндө жана Кыргызстандын түндүгүндө темир жол курулуш иштери күч ала баштайт. Россиянын Москва, Ленинград, Харьков жана башка шаарларынан атайын адистер келишип, кыргыз-казак жумушчулары биригип, жалпысынан 2300 адам жайды жайлата тынымсыз иштешет. Июль айында Казахстандын Аулие-Ата станциясынан тартып, Кыргызстандын Кайыңды станциясына чейин жерге жайгаштыруу иштери аяктап, турак-жайлар, станциялар курулуп, 7 ай ичинде (февраль-август) Аулие-Ата-Пишпек темир жолу
тапшырылат. Анын узундугу 266 чакырым болчу.

  Ошентип, 1924-жылдын 8-августунда “Аулие-Ата-Пишпек” темир жолу аркылуу “Пишпек” станциясына эң биринчи поезд келет. Ал кезде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан. Чоң салтанат менен биринчи поездди тосуп алышкан. Ошол күндөн тартып, “Кант-Рыбачье”, “Фрунзе-Рыбачье”, “Кант-Токмок” темир жолдорунун курулуш иштери колго алынып, курула баштаган.

  Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолунун узундугу 424,6 чакырымды түзүп, коңшулаш Казахстан, Озбекстандын темир жол магистральына барып кошулат. Азыркы учурда 424,6 чакырым негизги темир жолдор, 220 чакырым станциялык жолдор, жана 66,4 чакырым кайрылыш темир жолдору (подьездных путей)  биздин көзөмөлүбүздө.