МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

26 Апреля 2024

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 29-апрелинен 30-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Рзд148-Коямат-Куркөл участогунун 3902-чакырымындагы өзгөчө кооптуу тилкелерде кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.

Бардык жаңылыктар