Жаңылыктар
-
26 Июля 2021
Бишкек-Балыкчы поездинин графиктен кеч калусуунун себеби тууралуу маалымат
2021-жылдын 26-июль күнү саат 9:44тө Бишкек-Балыкчы багытында бара жаткан жүргүнчү поезди тепловозунун кыймылдаткычынын бузулгандыгына байланыштуу Быстровка айылында токтоп калган. Бул тууралуу белгилүү болоор замат, тепловозду алмаштыруу боюнча аракеттер көрүлүп, 1 саат 48 мүнөттө жумуштар аяктап, жол жүрүү уланган. Поезддин жүргүнчүлөрүнөн ыңгайсыздык жаралган үчүн кечирим сурайбыз.
-
23 Июля 2021
Кыргыз темир жолунун тарыхынан
Кыргыз Республикасында темир жол транспортунун пайда болушу XX-кылымдын башында, 1915-жылы республиканын түштүгүндөгү Кара-Суу станциясынан Жалал-Абад станциясына чейинки темир жол линиясынын бөлүктөрү курулуп, туруктуу пайдаланууга берилгенден тарта, ошондой эле түндүктөгү Түрксибдин курулушуна байланыштуу болгон.