Tazabek – Также в ходе заседания ЖК КР депутат Эмиль Токтошев («Ата Мекен») спросил, почему до сих пор не решили вопрос с железнодорожными тарифами.

16 Февраля 2018

По его словам, сегодня отношения Кыргызстана с Узбекистаном улучшились и нужно провести переговоры для получения скидки и снижения тарифа до 1 сома. Это стимулировало бы предпринимателей КР использовать железные дороги для перевозки их грузов, считает он.

Темир жолу аркылуу жүктөрдү ташууга жеңилдик берүү маселеси боюнча «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы төмөндөгүлөрдү билдирет:

2018-жылдын 1-январынан тартып, 2018-жылдын 31-декабрына чейин Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берилди.
- Бардык жүктөрдү ташууга жеңилдиктин көлөмү 20% ды түзөт.
- Ал эми аталган багыт боюнча ташылуучу жүктүн көлөмү 300 миң тоннаны түзсө, андан кийинки көлөмдөгү жүктөр 30 % жеңилдик менен ташылат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Републикасынын Президенттеринин 2017-жылдын 13-14-декабрында Ташкент шаарында өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуусундагы эки тараптуу макулдашууларын жүзөгө ашыруу максатында Өзбек Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүнө чейин транзит менен бардык жүктөрдү ташууга 30% жеңилдик берүү үчүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы «Узбекистон темир йуллари» Акционердик коомуна кайрылган.

Бул маалымат “Кыргыз темир жолунун” расмий сайтына 2018-жылдын 5-февралында жарыяланган.

Бардык жаңылыктар