Темир жолу менен өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча программа иштелип чыкты

27 Ноября 2017

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Маалыматтык тактоону камсыз кылуу боюнча филиалы “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жолу менен өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча” программа иштеп чыкты жана аны ишке киргизди.

Бул иш-чара “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жолу менен өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча” Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы жана «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын өз ара кызматташуу регламентине ылайык жүргүзүлдү.

Эске салсак, 2016-жылдын 3-октябрында Кыргыз өкмөтүнүн “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү”  № 524-Токтому чыккан.
 

Бардык жаңылыктар