“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Улуу жеңиштин 72 жылдыгына карата митинг-реквием өткөрдү.

4 Мая 2017

Иш-чара 4-майда “Пишпектеги” жеңиш аянтчасында өттү.

Бул күнү алгач андагы эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, андан соң согуш ырлары жаңырды. Ардагерлердин дарегине жетекчилик тарабынан куттуктоолор айтылып, салтанаттын соңунда ардагерлер үчүн сый-тамактар берилди.

Учурда “Кыргыз темир жолунда” 4 согуш ардагерлери жана 28 оруктун ардагерлери катталган.

Улуу жеңиштин урматына “Кыргыз темир жолу” тарабынан акчалай сыйлыктар белгиленген.

Бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 3 миң сомдон, ал эми оруктун ардагерлери 2,5 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

    

   

Бардык жаңылыктар