Темир жол өткөрмөсүндө автомашинанын айдоочусу жолдо жүрүү эрежесин одоно бузган

1 Февраля 2017

31-январь күнү 15 саат 35 минутада Шопоков жана Сокулук бекеттеринин ортосундагы темир жол өткөрмөсүндө поезд менен жүк ташуучу автомашина кагылышкан.

 Кырсык автомашинанын айдоочусунун жолдо жүрүү эрежесин одоно бузгандыгынан келип чыккан. Ал темир жол өткөрмөсүндөгү светофордун кызыл жарыгы күйүп турганда өткөн. 

 Кагылышуунун натыйжасында айдоочунун ден-соолугу жабыркаган.
Тепловоз жана автомашинага олуттуу зыян келтирилген. Ошондой эле светофордун түркүгү талкаланган.

Бул кырсыкта тепловоздун машинистинин эч кандай күнөөсү жок.

 Белгилей кетсек, аталган темир жол өткөрмөсүндө автомашиналардын кыймылы светофор аркылуу гана башкарылат жана атайын тосмо коюлбайт.
 

Бардык жаңылыктар