Консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мусуруалиевдин айткандары боюнча “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы мына буларды билдирет:

15 Января 2017

2014-жылдын 17-февралында Кыргыз өкмөтүнүн №99 Токтому чыккан. Ага ылайык, Кыргызстандагы стратегиялык объектилердин тизмеги бекитилген.

 Темир жолу ошол стратегиялык объектилердин катарына кирет. “Б” – “Маанилүү объект” деген категория берилген. Ага темир жол станциялары, темир жол көпүрөлөрү, темир жолу жана башкалар кирет. Мындан тышкары “Режимдик объект” деген талап бар. Ал коопсуздук, объектилерди кайтаруу, өткөрмө режими сыяктуу маселелерди камтыйт.

 Дагы бир Кыргыз өкмөтүнүн Токтому бар. Ал 2013-жылдын 7 майында кабыл алынган жана кызматтык документтер, маалыматтар менен иштөөнүн тартибин камтыйт. “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын аталган Токтомдордун негизинде иш алып барат. Аны аткарууга милдеттүү. Ошондуктан, ишканага кирүүгө, маалыматтарды алууга тийиштүү органдардан уруксаат алыш керек.

 Эске салсак, буга чейин консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мусуралиев "Кыргыз темир жолу" корсоткучторду жашырып жатат" деп билдирген.
 

Бардык жаңылыктар