32 жылдан кийин сыйлык өз ээсин тапты

21 Ноября 2016

Кыргызстандын Афганчылар Союзу жана “Солдаты без войны” Бүткүл дүйнөлүк асоциациясы темир жолчу Василий Дашковго “Каармандык үчүн” медальын тапшырды.

 Бул жогорку сыйлык ага 1984-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун чечими менен ыйгарылган. Жарлыкка ошол кездеги СССРдин Жогорку Кеңешинин Төрагасы Михаил Горбачев кол койгон. Союз тарагандан кийин бул сыйлык өз ээсине тапшырылбай Россия Федерациясынын мамлекеттик архивинде сакталып турган. Эми минтип “Солдаты без войны” Бүткүл дүйнөлүк асоциациясы ошол сыйлыкты издеп таап, Москвадан алып келип Василий Дашковго тапшырып олтурат.

 Эскерте салсак, Василий Дашков ошол кезде Советтик Армиянын Чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, Тажик чек арасында контробандачылар менен болгон кармашууга туш болгон. Бир офицер каза болуп, айрымдары жарадар болушкан. Ал эми Василий Дашков чек араны коргоодо чоң эрдик көрсөтүп, баатырдык менен душмандарга туруштук берген.

 “Каармандык үчүн” медальы бул 80-жылдардагы Советтик Армияда эрдик көрсөткөндөргө берилүүчү жогорку мамлекеттик сыйлык болгон. Аны Ата мекенди коргоодо зор салым кошкон инсандар гана алышкан - деп билдирди Кыргызстандын Афганчылар Союзунун Төрагасынын орун басары жана “Солдаты без войны” Бүткүл дүйнөлүк асоциациясынын мүчөсү Кайрат Загибаев сыйлыкты тапшырып жатып.

   

Бардык жаңылыктар