Көгүлтүр Ыссык-Көлгө поезд менен каттаган жүргүнчүлөрдүн саны күн сайын өсүүдө

12 Июля 2016

17-июньдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” поезди менен каттаган жүргүнчүлөрдүн саны 2778 адамга жетти.

 Алгач аталган багыт боюнча бир күндө 200 гө жакын адам каттаса, акыркы жумада бир күндө 360 адам поезд менен көл аймагына жеткирилген. Алардын арасында Россия, Казахстан жана Европа өлкөлөрүнөн келишкен туристтер да бар. Демек, “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” поезд каттамын чет өлкөлүк туристтер да жакшы билишет.

 Белгилей кетсек, 2016-жылдын 17-июнунан тартып, “Бишкек-Рыбачье” каттамы боюнча №608 поезд жүрө баштаган. Жайкы эс алуу сезонуна карата “Бишкек-Рыбачье-Бишкек” поезди “Бишкек I” станциясынан (Пишпек) жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча 6 саат 25 минутада.

Ал эми дүйшөмбү, 18-июльдан тартып, 31-августка чейин аталган багыт боюнча поезд күн сайын каттай баштайт.

 Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы эс алуучулар үчүн жыл сайын жайкы эс алууну уюштурат. Июль, август айларында аталган багыт боюнча кошумча вагондор чиркелет жана аны менен эс алуучулар Боом капчыгайы аркылуу Рыбачьеге чейин барышса болот. Вагондордо узатуучулар иштеп, эс алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Плацкарт вагону менен барып келүү акысы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Рыбачьеге чейин чоңдор үчүн:  69 сом
Балдарга: (10 жашка чейин)   35 сом

Байланыш телефондору:  92-68-54, 30-02-09, 92-68-40
 

Бардык жаңылыктар