“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Россияга каттоочу поезддерге билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт

22 Июня 2016

Россия жана Казахстан менен кабыл алынган макулдашууга ылайык, эми поезддердин жүргүнчүлөрү билеттерди алдын-ала сатып алса жеңилдиктер берилет. Мындай жеңилдиктер алдын-ала сатылып алынган билеттердин мөөнөтүнө жараша болот.

Эгерде жүргүнчү Россияга сатылуучу поезд билеттерин купе вагонуна 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 45 % жеңилдик берилет.

Ал эми 6 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 35 % га арзан баада сатып алса болот.

Эгерде жүргүнчү билетти плацкарт вагонуна поезд кетүүчү күнгө чейин 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, анда 35% га барабар жеңилдик берилет.

Ал эми 6 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 25 % га арзан баада сатып алса болот.

Бүгүнкү күндө Бишкектен Москва шаарына чейин купе вагонуна билет баасы 25 миң 012 сом. Эгерде 45% жеңилдик менен сатып алса 15 миң 023 сомду түзөт. 35% жеңилдик менен сатып алса 17 миң 094 сом болот.

Ал эми плацкарт вагонуна билет баасы 15 миң 403 сом. Эгерде 35% жеңилдик менен сатып алса 10 миң 694 сомду түзөт. Ал эми 25% жеңилдик менен 11 миң 932 сом болот. 

Бишкек-Екатеринбург багыты боюнча купе вагонуна билет баасы 13 миң 515 сом. 45% жеңилдик менен 8 миң 450 сомго сатып алса болот. Ал эми 35% жеңилдик менен 9 миң 517 сомду түзөт.

Ал эми плацкарт вагонуна билеттин баасы 8 миң 600 сом. 35% жеңилдик менен 6 миң 160 сомго сатып алса болот. 25% жеңилдик менен 6 миң 815 сомду түзөт.

Бишкек-Новокузнецк багыты боюнча да ушундай эле жеңилдиктер менен билет сатып алууга болот .

Эскерте кетүүчү нерсе: мындай жеңилдиктер Кыргызстандын ички поезддерине жана жамаат менен жол жүрүүчү жүргүнчүлөргө колдонулбайт. Ал эми жол жүрүү билетинин баасы Швейцария франкынын курсуна барабар өзгөрүлүп турат.

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  92 68 54, 30 02 09, 92 74 75

Бардык жаңылыктар