Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңеши Кыргыз темир жолчуларын Ардак грамота менен сыйлады

26 Мая 2016

“Кыргыз темир жолу “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын бир катар кызматкерлери шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин жогорку сыйлыгына татыктуу болушту.

 Шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин чечими менен “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын каржы башкармалыгынын башчысынын орун басары Татьяна Евстифеевага, Карабалта станциясынын инженери Александр Финкке, маалыматтык-тактоо филиалынын башчысы Сабира Төлбашиевага жана материалдык камсыздоо филиалынын башчысы Адылбек Адрановго шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин Ардак грамотасы тапшырылды.

 Жогоруда аты аталган темир жолчуларга мындай жогорку сыйлык алардын темир жол транспортундагы өз ара кызматтыштыкты бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн берилип олтурат.

Эске салсак, шериктештикке кирген мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин 64-жыйыны Грузия Республикасынын Тбилиси шаарында болуп өттү.

Бардык жаңылыктар