“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы билдирет:

20 Мая 2016

2016-жылдын 15-июнь күнү саат: 15-00 дө Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондусунун имаратында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик имараттарын ижарага иштетүү боюнча макулдашуулардын аукциону өткөрүлөт.

Ижарага берүүчү: “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы.

Ижарага берилүүчү имараттар жана дареги:

1-лот: 160,0 чарчы метр мамлекеттик имарат, дареги: Бишкек ш. Чолпон-Ата көчөсү 15/1, Аламедин станциясынын административдик имаратында жайгашкан.

2-лот: 215,11 чарчы метр мамлекеттик имарат, дареги: Бишкек ш. Кривоносова көчөсү 1а

3-лот: 1675,8 чарчы метр мамлекеттик имарат, дареги: Бишкек ш. Чолпон-Ата көчөсү 15/1, Аламедин станциясынын жүктөрдү түшүрүү аянтчасында жайгашкан.

Мамлекеттик имараттарды кайсыл максатта пайдаланса болот:

1-лот: Ашкана
2-лот: Нан бышыруучу жай
3-лот: Кампа

Ижара акысынын баштапкы баасы:

1-лот: 24 960 сом;
2-лот: 28 395 сом;
3-лот: 201 096 сом;

Арыздар 2016-жылдын 10-июну саат: 17-00 гө чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек ш. Москва көчөсү 151, (ММБФнун 3-кабаты, 151 бөлмө)

Кошумча маалымат үчүн байланыш телефондору: 0312 61 41 86, (ММБФ) 0312 92 60 79 (“КТЖ” УК” МИ)

Бардык жаңылыктар