Темир жолчу Алексей Батищев Азия кубогунун эки алтын медалын жеңип алды

29 Ноября 2023

Темир жолчу Алексей Батищев Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында 17-25-ноябрь аралыгында өткөн Азия кубогунда эки алтын медаль утуп алды. Спорттук иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн спортчулары катышты.

Алексей Батищев 100+ салмак категориясында «Мастер класста» күч сынашып, өжөрлүгү жана даярдыгы менен байгелүү орундарга ээ болду. Каарманыбыз армрестлингти 2016-жылы өздөштүрө баштайт, ошондон бери мелдештерге активдүү катышып келет. Жыл сайын эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышып, чемпион болуп келген. Бирок бул жолу ал өзүнүн күчүн жогорку деңгээлде – Азия кубогунда сынап көрүүнү чечти.

«Атаандаштар абдан күчтүү болду, өзгөчө 100+ категориясында. Бирок мен өзүмө ишенип, бул мелдештерге даярданып, күрөш үстөлүнө өзүмө ишенип чыктым. Мен жаш темир жолчума спорт менен машыгышын каалайм, анткени бул пайдалуу, ден соолук үчүн зарыл», - дейт Алексей.

Каарманыбыз эмгек жолун “Кыргыз темир жолунда” 1999-жылы баштап, курама команданын курамында спорттук иш-чараларга активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп, ишканага бир нече алтын медалдарды, кубокторду алып келет. Азыр ал ишкананын электр энергиясы, сигнализация жана байланыш боюнча филиалында иштейт. Анын ийгилиги өзү үчүн эле эмес, бүтүндөй «Кыргыз темир жолу» жамааты үчүн абдан маанилүү. Ошентип, А.Батищев алтын медаль утуп эле тим болбостон, дүйнөлүк спорт аренасында “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин аброюн дагы бекемдеди. Алексей Батищевге спорттук аренада мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.

Бардык жаңылыктар