Бакудагы Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жетинчи жыйыны

23 Ноября 2023

16-ноябрдан 17-ноябрга чейин Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт министрлеринин жетинчи жыйыны болуп өттү.

Иш - чарага Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы. Бариев, КР ТКМнын Транспорт башкармалыгынын башчысы А. Эсеналиев, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директорунун орун басары А. Анарбеков катышты.

Жолугушууда Чыгыш-Батыш Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүүнүн негизги аспектилери талкууланды. Талкууланган маселелерге транзиттик операциялар, тарифтик саясат, темир жол байланышы, ташуулардын көлөмү жана башка аспектилер кирди.

Транспорттук инфраструктураны жакшыртуудагы маанилүү кадамдар катары мамлекеттердин санариптик транспорт системасын ишке ашыруу жана темир жол бийликтеринин кеңешин түзүү сыяктуу стратегиялык демилгелери баса белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар ТМУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жетинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Коммюникеге кол коюшту.

Бардык жаңылыктар