МЖӨ борбору «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында пансионатты куруу үчүн инвесторлорду издөөнү жарыялайт

13 Ноября 2023

Пансионаттын курулушунун негизги максаты - туристтик потенциалды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле калкты, анын ичинде ишкананын кызматкерлерин сапаттуу эс алуу кызматтары менен камсыз кылуу саналат.

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгинде жайгашкан курулушу бүтө элек «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Санаторий-профилакториясынын» аймагынан курулуш үчүн тилке белгиленген. Жалпы аянты - 9,55 гектар, анын ичинен курулушка бөлүнгөн аймак - 6,5 гектар, парк-пляж аянты - 3,05 гектар.

Каалоочулар төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: «Кыргыз темир жолу» УК» МИ, Бишкек ш., Л.Толстой көч. №81 , тел: 0 312 92 70 26, почта: info@railway.aknet.kg

МЖӨ борбору - Бишкек ш., Исанов көч.87, тел.: 0312 611129; e-mail: center@ppp.gov.kg

Бардык жаңылыктар