МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

3 Ноября 2023

"Кыргыз темир жолу "УК" МИ Боом капчыгайындагы Бишкек - Нарын-Торугарт автожолунун тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иш-чараларына ылайык, 2023-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрына чейин (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары) аба ырайынын шарттарын эске алуу менен темир жолдун 3898-3899 чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат. 

Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз.

Бардык жаңылыктар