МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

27 Октября 2023

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы, Боом капчыгайынын жол бөлүгүндө автоунаа жана темир жол кыймылынын коопсудук иш-чараларына ылайык, 2023-жылдын 30-октябрынан 03-ноябрына чейин (ишемби жана жекшемби күндөрүн кошпогондо) 3902 км Кыямат-Куркол РЗД-148 участогунда аба ырайынын шарттарын эске алуу менен кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Унаа кыймыл маршрутуңузду алдын-ала пландаштырууну суранабыз.

Бардык жаңылыктар