Кыргызстан-Россия аймактар аралык X конференциясынын жыйынтыгы боюнча келишимдерге кол коюлду

19 Октября 2023

2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында өткөн “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясы” кыргыз-орус аймактар аралык X конференциясынын алкагында эки келишимге кол коюлду:

   - «Өнөр жай технологиялары боюнча илимий-өндүрүштүк борбору» ЖЧКсы жана РКӨФ менен «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кыймылдуу курамын өндүрүүнүн инвестициялык долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана оңдоо ишканаларынын өндүрүштүк комплексин модернизациялоо жөнүндө» макулдашуу;

- «Трансмашхолдинг» АК жана РКӨФ менен «Маневрдук жана магистралдык жүк ташуучу эки секциялык тепловоздорду сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө» макулдашуу.

«НПЦ Промтех» ЖЧК тууралуу:
Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИси жана «Өнөр жай технологиялары боюнча илимий-өндүрүштүк борбору» ЖЧКсы «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кыймылдуу курамынын өндүрүшүн түзүү жана оңдоо ишканаларынын өндүрүштүк комплексин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу маселеси иштелип чыгууда.

«Трансмашхолдинг» АК тууралуу:
Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИси магистралдык жана маневрдук тепловоздорду сатып алуу маселесин каралууда.

Бардык жаңылыктар