«Кыргыз темир жолу» УК» МИси мамлекеттик жер тилкелерин ижарага алуу укугуна ачык аукцион өткөрүү тууралуу маалымдайт

19 Октября 2023

Аукциончу: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси.

Аукцион күнү: 2023-жылдын 14-ноябры
Өткөрүү убактысы: 13:30дон 15:00ге чейин
Аукцион өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151
Ижарага берүүчү - «Кыргыз темир жолу» УК» МИ

1- лот - Жер тилкеси 15 кв.м. (убактысы 13:30)
Объекттин жайгашкан жери: Бишкек ш., Ч.Валиханова көчөсү н/ж
Мамлекеттик жер тилкесинин максаты: жеңил типтеги объектти (кеңсе) орнотуу үчүн
Сунушталган ижара мөөнөтү: 3 жыл
Ижара акысынын баштапкы өлчөмү: айына 139,67 сом
Кепилдик төлөмдүн өлчөмү: 20000 сом
Жогорулатуу кадамынын баасы: 5000 сом

2-лот - Жер участогу 30 кв.м. (убактысы 14:00)
Объекттин жайгашкан жери: Бишкек ш., Ч.Валиханова көчөсү, н/ж
Мамлекеттик жер тилкесинин максаты: жеңил объектти орнотуу үчүн (унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери үчүн контейнер)
Сунушталган ижара мөөнөтү: 3 жыл
Ижара акысынын баштапкы өлчөмү: айына 279,34 сом
Кепилдик төлөмдүн өлчөмү: 30000 сом
Жогорулатуу кадамынын баасы: 9000 сом

3-лот - Земельный участок площадью 15 кв.м. (убактысы 14:30)
Объекттин жайгашкан жери: Бишкек ш., Ч.Валиханова көчөсү, н/ж
Мамлекеттик жер тилкесинин максаты: жеңил объект (склад) орнотуу үчүн
Сунушталган ижара мөөнөтү: 3 жыл
Ижара акысынын баштапкы өлчөмү: айына 131,97 сом
Кепилдик төлөмдүн өлчөмү: 20000 сом
Жогорулатуу кадамынын баасы: 5000 сом


Бул аукциондорго катышуу үчүн аукциончуга арыз менен кайрылуу керек. Арыздар 2023-жылдын 13-ноябрында Бишкек ш., Москва көч., 151 (1-кабат, офис №109) дарегинде саат 11:00гө чейин кабыл алынат. Бардык суроолор боюнча 0 312 61 45 36 телефону аркылуу кайрылыңыз.


Аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 «Мамлекеттик  менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык өткөрүлөт.

Бардык жаңылыктар