«Кыргыз темир жолу» УК» МИ: Мунай продуктыларды Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт

4 Октября 2023

2023-жылдын 4-октябрында Астана шаарында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору А.Сакиев менен «Казакстан темир жолы» УК» АК башкармалыгынын Төрагасы Н.Сауранбаевдин жолугушуусу болуп, анда жүк ташууну уюштуруунун актуалдуу маселелери талкууланып, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жүк ташуунун көлөмү көбөйгөнү белгиленген.

Ошондо, өлкөлөр ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% га өсүп, 4 млн тоннаны түздү. Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11% га, 2,6 млн. тоннага чейин өскөн. Казакстандан Кыргызстанга экспорт 1,5 млн. тоннаны түзүп, 16% га көбөйдү.

Тараптар Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык-маанилүү мүнөздөгү жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашышты.

2023-жылдын октябрына карата «Казакстан темир жолы» УК» АК 144 миң тонна көлөмүндөгү мунай продуктыларынын транзит көлөмүн макулдашты. Ошол эле учурда 24,5 миң тонна мунайзат Кыргыз Республикасына жолдо бара жатат.

Ошентип, жолугушууда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай продуктылары боюнча көйгөйлүү маселелер жок экендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт, Кыргызстандын рыногунда мунайзаттардын тартыштыгы пайда болот деген кооптонуулар негизсиз.

Мындан тышкары, маалыматты таратууда "экинчи" тараптын пикирин эске алуу жана маалыматтык билдирүүлөрдө коңшу республиканын чек арасы аркылуу КММ транзит маселелерин тейлеген профилдик мамлекеттик органдын позициясын көрсөтүү керектигине көңүл буруу керек. Болбосо, текшерилбеген маалыматты жайылтуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө гана эмес, эки өлкөнүн өз ара мамилелерине да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Азыркы учурда Кыргызстан менен Казакстандын темир жол администрациялары жүктөрдүн кыймылын толугу менен көзөмөлдөп, жүктөрдү белгиленген жерге чейин үзгүлтүксүз жана туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу максатында тыгыз байланышта турушат.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, «Казакстан темир жолы» УК» АК Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасына/андан келип түшкөн транзиттик жүктөрдү өз убагында макулдашууну камсыз кылат.

Бардык жаңылыктар