КТЖда штабдык окуу өткөрүлдү

3 Октября 2023

Бүгүн саат 10:00дөн 11:00гө чейин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкаруу органдары менен болгон штабдык окуунун алкагында сирена жана башка эскертүү тутумдары иштетилди.

Штабдык машыгуунун жүрүшүндө компаниянын тартылган түзүмдүк бөлүмдөрү өзгөчө кырдаалдар учурунда имараттардан жарандарды жана кызматкерлерди эвакуациялоодо өз ара аракеттенүүнү бышыкташты.

Иш-чаранын максаты - өзгөчө кырдаал шартында ишкананын башкаруу органдарынын жана Жарандык коргонуу күчтөрүнүн даярдыгын текшерүү болгон.

Иш-чара эвакуациялоонун натыйжалуу ыкмаларын аныктоого, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосундагы аракеттенүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Аталган штабдык окуу Кыргызстанда 5-октябрда белгиленүүчү кырсыктардын коркунучун азайтуу күнүнүн алкагында өткөрүлдү.

Бардык жаңылыктар