ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫНА КЕЗЕКТЕГИ ТУРИСТТИК ПОЕЗД КЕЛДИ

2 Октября 2023

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Конокторду кыргыз улуттук күүнүн коштоосу менен уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты.

Аталган турду германиялык  «Лернидее Эрлебнисрайзен ГмбХ» компаниясы уюштуруп келет,  программа ар дайым кызыктуу - туристтер өлкөбүздүн тарыхый мурастары менен таанышып, кооз жерлерибизди кыдырат.

Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат. Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

Бардык жаңылыктар