Урматтуу аксакалдуу аталар, ак элечектүү апалар!

1 Октября 2023

Сиздерди 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен “Кыргыз темир жолу” УК” мамлкеттик ишканасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман жылуу куттуктаймын!

«Карысы бардын – ырысы бар» дегендей, силер бар бизде ырыс бар. Ар бир уул-кыздарыңыздын жүрөгүндө жүрөгү курч аталарыбызга, мээримдүү апаларыбызга ыраазы болгон сезим жашап келет. Көптү көргөн көсөм адамдар катары биз үчүн көрөгөч, билгич жана даанышман болуп, жаш муунга акыл-насаатыңыздарды, таалим-тарбияңыздарды берип келгениңиздер анык. Бул биз үчүн, кыргыз элим үчүн баа жеткис байлык.

Урматтуу темир жол ардагерлери! Сиздер темир жол тармагын өнүктүрүүгө бар дитиңизди жумшадыңыздар. Темир жолдун түзүлүшүнүн баштапкы жолунда туруп, эң оор кырдаалдарда талыкпас эмгектенип, мурас катары калтырдыңыздар. Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Азыркы тапта темир жол тармагын мындан ары да көрктөндүүрүүгө, өркүндөтүүгө максат алып, бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.

Кымбаттуу аксакалдуу аталар, ак элечектүү апалар! Ар дайым төрүбүздүн көркү болуп, небере-чөбөрөлөрдүн сый-урматын көрүп жүрө бериңиздер! Майрамыңыздар менен!
Урматым менен, башкы директор Азамат Сакиев.

Бардык жаңылыктар