Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо: ТМУ

20 Сентября 2023

2023-жылдын 13-14-сентябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмдарынын (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын экинчи жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө темир жол администрацияларынын башчылары ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, контейнердик жана мультимодалдык ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптештирүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле темир жолдорунун Жумушчу топтун Жобосун жана ТМУга мүчө мамлекеттеринин темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу боюнча иш-аракеттер планын бекитишти.

Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу-өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча чечим кабыл алынып, өнүгүүнүн артыкчылык багыттары аныкталды, анын ичинде инфраструктураны жакшыртуу, заманбап технологияларды киргизүү, санариптештирүү жана жүк ташууларды жөнөкөйлөтүү.

Маалымат үчүн:
Түрк мамлекеттеринин уюмунун негизги максаты – тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого, мүчө өлкөлөрдүн кеңири кызматташтыгына көмөктөшүүгө жана жалпы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган уюм.

ТМУга мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан.

ТМУнун алдындагы байкоочу мамлекеттер: Венгрия, Түркмөнстан.

Бардык жаңылыктар