Материалдык чыгым толтурулду

8 Сентября 2023

2023-жылдын 1-августунда саат 21:15 чамасында Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылы жана Кант шаарындагы темир жол тилкесинде «Балыкчы-Бишкек» жүргүнчү поездинин «ЛЮКС» вагонунун панорамалуу айнеги белгисиз адамдар тарабынан таш ыргытуу менен талкаланып, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын вагон чарба филиалы үчүн материалдык зыян келтирилген. Келтирилген зыяндын суммасы 52384,96 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча 2023-жылдын 2-августунда Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон (бейбаштык).

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан бул кылмышты жасаган адамдардын өздүгү такталып, 6-сентябрда келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулган.

Кошумчалай кетсек, ишкана окуя катталгандан кийин сынган панорамалуу айнекти жаңы айнекке дароо алмаштырган.

Урматтуу жарандар! Мындай жагымсыз окуя материалдык гана эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирет. Темир жол транспортунда коомдук тартипти, коопсуздукту сактоону жана мамлекеттин мүлкүнө кылдат мамиле кылууга чакырабыз.

Бардык жаңылыктар