«Кыргыз темир жолу»: 6 ай ичинде 111 553 жүргүнчү жана 4 миллион тонна жүк ташылган

16 Августа 2023

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын калкынын жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыктарын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жүк ташуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу максатында темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иш алып баруусун камсыздайт.

Алсак, 2023 – жылдын 6 айында 4 376,5 миң тонна же 120,2% көлөмүндө жүк ташылды, өсүш 736,4 миң тоннаны түздү. Салыштырмалуу, 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде - 3 640,1 миң тонна жүк ташылган.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» компаниянын ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп, калкты жүргүнчүлөрдү ташуу менен камсыздоо болуп саналат. Кыргыз темир жолу аркылуу 2023-жылдын  6 ай ичинде 111 553 жүргүнчү ташылган, анын ичинде: эл аралык каттамда 7 656 жүргүнчү жана республикалык ички каттамда 103 897 жүргүнчү.

Мындан тышкары, туруктуу иштөө максатында ишкана кыймылдуу составдын жана темир жолдордун паркын калыбына келтирүүгө жана жакшы абалда кармоого багытталган тиешелүү иштерди жүргүзүп келет.

Поезддердин кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу максатында 8 км ашуун темир бетон шпалдар алмаштырылып, 2 км жаңы рельстер орнотулган.

Бардык жаңылыктар