Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө

8 Августа 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22- февралындагы № 68-р тескемесин ишке ашыруунун алкагында Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө.

2023-жылы лотереянын утушу эки этапта өтүүдө. Биринчи этабы 26- июндан 1-июлга чейин өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 1183 баалуу байгенин, анын ичинде 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.

Ал эми утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 баалуу байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен.

Лотереянын максаты - калктын салык маданиятын калыптандыруу, жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу, ишкерлер тарабынан контролдук- кассалык машиналарды колдонуусуна коомдук контролду күчөтүү. Бул акциянын алкагында Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга үндөп, товар же кызмат сатып алууда кассалык чектерди талап кылуунун зарылдыгын түшүндүрүүдө.

Мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан лотерея өнөктүгүнө жарандарды кеңири масштабда тартууга ар бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын колдоосу керек.

Алар тарабынан товар же кызмат сатып алууда милдеттүү түрдө кассалык чектерди талап кылуу, жарандарга лотереяга катышып, баалуу байгелерди утуп алуу мүмкунчүлүгү тууралуу маалыматтарды таратуу, анын ичинде социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу, мамлекетке зор салым кошору белгилүү. 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилерине төмөнкүлөрдү тапшырууну өтүнөбүз:

1) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын ар бир кызматкери:
- товар же кызмат сатып алууда милдеттүү түрдө кассалык чекти талап кылып турушсун;
- "Салык чек" тиркемесин жүктөп, лотереяга катышышсын;
2) ар бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын расмий сайттарында жана расмий социалдык баракчаларында төмөн мазмундагы текстти жайгаштыруу:

«Чек талап кылып, байге утуп ал!

Урматтуу жарандар, кассалык чек талап кылып, экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгарууга кошулуңуздар!
Салык кызматынын лотереясына катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз.

25-30-декабрда лотереянын утушунун 2-этабы болот, анда 1244 байге, анын ичинде Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди «Салык чек» тиркемесинен сканерден өткөрүңуз.

Толук маалыматты lottery.salyk.kg

Бардык жаңылыктар