"Балыкчы - Бишкек" темир жол каттамындагы Дмитриевка - Кант станциясынын участкасында поезддин терезелерине таш ыргытышты

2 Августа 2023

Кечээ, 2023 - жылдын 1-августунда саат 21:18де "Балыкчы-Бишкек" каттамында Дмитриевка - Кант станциясынын участогунда №609-поездде окуя болгон. Окуяга себепкер болушкан белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерин сындырышкан.

"ВИП", "Люкс" вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди.

"Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз.

Мындай жагымсыз окуя материалдык гана эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна да коркунуч келтирет. Темир жол транспортунда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо ар бирибиздин милдетибиз.

Бардык жаңылыктар