№ 317 Бишкек – Самара жүргүнчү поездди калыбына келтирилип, саат 16:57 мүнөттө жөнөтүлдү

6 Марта 2023

2023-жылдын 5 мартында саат 10:20да (Астана убактысы менен) Казакстан темир жолунун Шалкар-Жем аралыгындагы Бершугир бекетинде (Батыш Казакстан облусу, Актөбе шаарына жакын) маневр иштерин аткарып жаткан тепловоз, өтүп бара жаткан №317 Бишкек – Самара жүргүнчү поездин капталынан сүзүп, рельстен чыгарып жиберген.

Жалпысынан поездде 229 жүргүнчү болгон, жабыркагандар катталган жок. Кагылышуунун кесепетинен поезддин башында келе жаткан үч жүргүнчү вагондору иштен чыккан.

Иштен чыккан вагондордогу жүргүнчүлөр, өз убагында башка вагондорго орун берилип которулган. «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын поезд тобу, Казакстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдары жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте, жеңил жаракат алган жүргүнчүлөргө биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак уюштурулду.

Жүргүнчүлөрдү ооруканага жаткырылышы талап кылынган жок.

№ 317 Бишкек – Самара жүргүнчү поездди калыбына келтирилип, саат 16:57 мүнөттө (Астана убактысы менен) жөнөтүлдү.

Бардык жаңылыктар