Атайын техникаларды жаңылоо

24 Января 2023

Жүктөө жана түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техникаларды жаңылоо максатында кран манипулятор, 3 даана жүк көтөргүч, 10 даана чиркегич сатылып алынган.

Кран-манипулятор 5 тоннага чейинки ар кандай жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, ташуу жумуштарын аткарат.

- Жүк көтөрүмдүүлүгү – 5 тонна;
- Максималдуу көтөрүү бийиктиги - 12,5 м;
- Иштөө радиусу - 11 м.

Жүк көтөргүч – бул ар кандай жүктөрдү көтөрүүгө, жылдырууга, тизүүгө арналган өзү жүрүүчү дөңгөлөктүү транспорт каражаты. Жүктөгүчтүн негизги жумушчу куралы - айрылары бар көтөрүүчү механизм болуп саналат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 2 тоннага чейин, ал эми бийиктиги 3мге чейинки жүктөрдү көтөрө алат.

2ПТС-4,5 моделиндеги чиркегич ар кандай айыл чарба жана курулуш жүктөрүн ташууга багытталган. Жүк көтөрүмдүүлүгү - 4,5 тонна.

Бардык жаңылыктар