«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушу боюнча талкуу болуп өттү

21 Октября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 21-октябрында «Кыргыз темир жолу» УК» МИде ишкананын башкы директору Азамат Сакиевдин «РЖД Интернешнл» ЖЧКсынын башкы директору Сергей Столяров менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууну иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушу уланууда, 5 чакырым жолду куруу быйылкы жылга пландалып, 80% жумуш аткарылды. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Маалымат үчүн.
«РЖД Интернэшнл» ЖЧКсы – «Россия темир жолу» (РЖД) холдингинин курамындагы адистештирилген инженердик компания, ал темир жол куруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жана технологиялардын толук комплексин сунуштайт.

Бардык жаңылыктар