«Кыргыз темир жолу» менен Индиянын “RAIL VIKAS NIGAM LIMITED” компаниясы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту

17 Октября 2022

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы менен индиялык «RAIL VIKAS NIGAM LIMITED» компаниясы темир жол инфраструктурасы боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюшту.

Кол коюу аземине «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Сакиев Азамат Абдукаримович жана «RAIL VIKAS NIGAM LIMITED» компаниясынын директору Винай Сингх катышты.

Бул меморандумда темир жол куруу, линияларды электрлештирүү, ошондой эле тараптардын өз ара пайдалуу өнөктөштүгүн чыңдоо жаатында кызматташуу каралган.

Жыйынтыгында тараптар аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен сунуштарды ишке ашырууга үмүттөнөөрүн билдиришти.

Иш-чара 2022-жылдын 14-октябрында өткөрүлдү.

Бардык жаңылыктар