“Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкерлери бир күндүк маяналарын Баткен облусунун тургундарына которот

19 Сентября 2022

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган Баткен районунун тургундарына жардам катары которот.

Мындан тышкары, компания азык-түлүк жана эң керектүү товарлар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтөт.

Компаниянын жалпы жамааты Баткен облусунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Ишкананын жамааты кырдаалдын тезирээк турукташуусуна тилектеш экендигин жана жергиликтүү калкка тынчсыздануу менен бирге экенин билдирет.

Бардык жаңылыктар