“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан” транспорт коридору аркылуу товарларды жеткирүүнү тездетүү маселеси талкууланды

13 Сентября 2022

2022 -жылдын 8-9-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Кытайдын эл аралык логистикалык компаниясынын катышуусунда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын темир жол администрацияларынын өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара Кытайдан Ооганстанга жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү жана логистикалык инфратүзүмдүөнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Кыргыз делегациясын “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин башкы директору Азамат Сакиев жетектеди.

Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында келечектүү долбоорлор жана кызматташуунун жаңы жолдору, учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында тараптардын логистикалык инфратүзүмүн модернизациялоо, Кашкардан (Кытай) Хайратан (Афганистан) бекетине  жүктөрдү чыгаруу  маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну уюштуруу, товарлардын кошумча көлөмүн тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана тарифтик коюмдарды белгилөө маселелерин талкуулашты.

“Коридордун бардык Тараптарынын   макулдашылган чаралары жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү келечектүү, жаңы мультимодалдык маршрутка түрткү берет, ошондой эле анын келечектеги өнүгүшүнө, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө негиз түзөт», - деди  «Кыргыз темир жолу»  ишканасынын башкы директору А.Сакиев.

Иш-чаранын жыйынтыгында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Ооганстан» мультимодалдык каттамын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган чаралар чагылдырылган протоколго кол коюлду.

Кошумчалай кетсек,  2022-жылдын 13-сентябрында Ош бекетине Кытайдан жүк ташыган 2 контейнер келип, андан соң темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, 15-сентябрга бул каттам боюнча Кытайдан  10 контейнер жүктүн келиши күтүлүүдө.

Бардык жаңылыктар