“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды

2 Сентября 2022

Бишкекте бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевге Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

«Бул сыйлык «Кыргыз темир жолу» ишканасынын бардык темир жолчуларынын ынтымактуу эмгегинин натыйжасы, биз компанияны мындан ары да биргеликте бекемдеп, өнүктүрөбүз», - деп баса белгиледи А.Сакиев.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругунун негизинде А.Сакиев 2021-жылдын июнь айында ишкананын башкы директору болуп дайындалган. Жаш жетекчинин жетекчилигинде компания оң натыйжаларга жетти: ишкана өз каражатынын эсебинен 100 жүк ташуучу вагонду, 20 км Р65 тибиндеги рельстерди, 20 000 темир бетон шпал сатып алды, жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө,  кыймылдуу курамдын паркы жаңыланууда, “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушу башталды жана уланууда, “Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө, эл аралык чөйрөдөгү кызматташтык бекемделүүдө.

Бардык жаңылыктар