Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү тууралуу

2 Сентября 2022

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгында, Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын, Бишкек-1, Бишкек-2 темир жол бекеттеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү менен таанышып кетишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын бөлүмдөрүндөгү иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн, кесиптик терминдердин котормолорун  карап чыгышты.

Жыйынтыгында комиссия аткарылып жаткан жумуштар боюнча жакшы аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтышты.
Ошондой эле Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы кесиптик терминдерди которуу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин  билдиришти.

Бардык жаңылыктар