«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушу: 2022-жылга пландалган 5 чакырым жолдун 70 пайызы бүттү

18 Августа 2022

«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 км түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун участогун куруу жумуштары аткарылууда.

2022-жылга карата 5 км темир жол куруу мерчемделген, учурда жумуштун 70 % бүткөрүлдү. Ишкана жылдын аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары дагы 3 чакырым темир жол курууну пландап жатат.

Эң орчунду болгон тилкелердин бири Боз-Бармак тоосун ортосунан тешип, каздыруу иштери жүрүп жатат. Болжол менен узундугу 600 метр, бийиктиги (глубина) 16-17 метр, ал эми үстүнкү катмары жээктери (откостору) 70 метр түзөт.

Каздыруу иштеринин жүрүшүндө биздин заманга чейинки III-кылымга таандык көрүстөнөр табылып, учурда археологиялык - изилдөө иштери жүрүүдө.

Бүт жумуштар ишкананын өз каражатынын эсебинен аткарылып жатат.

Учурда жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган.

Бүткөрүлгөн жана ушул жылга пландалган жумуштар "Кыргыз Темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Бардык жаңылыктар