30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129 кмда таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

27 Мая 2022

“Кыргыз темир жолу” УК”МИ 2022-жылдын 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар