23-майдан 27-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129 км таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

23 Мая 2022

“Кыргыз темир жолу” УК” МИ 2022-жылдын 23-майдан 27-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар