Бакыт Момуналиев "Run The Silk Road" эл аралык марафонунда 2-орунду ээледи

17 Мая 2022

Бакыт Момуналиев "Run The Silk Road - ШОС" эл аралык марафонунда 35-44 жаштагы ышкыбоздор арасында 2-орунду ээледи. Жалпысынан каарманыбыз 42 чакырымды 3 саат 14 мүнөттө чуркап өттү.

Иш-чара 14-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өттү.

Каарманыбыз «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын Оңдоо-өндүрүштүк иштери  жана суу менен камсыздоо башкармалыгында иштейт.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле алыскы аралыкка чуркаганды жакшы көрчү, бош убактысында ар кандай аралыктарга чуркайт.

Эске салсак, Чолпон-Атада өткөн эл аралык марафон Кыргызстандын жана башка 22 өлкөнүн жүздөгөн профессионал спортчуларын жана спорт күйөрмандарын чогулткан.

Бардык жаңылыктар