Нооруз майрамына арналган спорттук оюндар жыйынтыкталды.

24 Марта 2014

"Кыргыз темир жолуна" караштуу "Локомотив" спорт комплекси Нооруз майрамында спорттук мелдештерди өткөрдү.

  Алгач, шкананын жетекчиси Аргынбек Малабаев куттуктоо сөз сүйлөп, ар бир темир жолчуга бекем ден-соолук, сергек жашоо жана ийгиликтерди каалады. Башкы директордун айтымында мындай спорттук мелдештерге мындан ары такай маани берилет. “Спорт бул темир жолчуларды сергек жашоого чакырып, алардын ден-соолугун бекемдейт, жана албетте өндүрүшкө өзүнүн оң натыйжасын берет” дейт Аргынбек Малабаев өз сөзүндө.

   Бул күнү темир жолчулардан түзүлгөн командалар мини-футбол боюнча мелдешип, кол күрөш, аркан тартыш жана гир көтөрүү боюнча күч сынашышты. Жалпысынан 10 команда беттешүүлөрдү өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер берилди. Мындан тышкары өзгөчөлөнгөн спортчуларга атайын Ардак грамоталар тапшырылды.

 Мини футбол боюнча Аскерлештирилген күзөт кызматы биринчи орунга ээ болуп, 8 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орун Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалына ыйгарылып, 5 миң сом акчалай сыйлык алышты. Байгелүү үчүнчү орунду Жол чарбасы боюнча филиалы жеңип алды жана 3 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.  Аркан тартыш оюну боюнча 1-орун (2500 сом акчалай сыйлык) Жол чарбасы боюнча филиалына, 2-орун (2000 сом акчалай сыйлык) Иш Башкармалыгына жана 3-орун, (1500 сом сыйлык) Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалына ыйгарылды. Ал эми гир көтөрүү боюнча балбан билек Ширин Исмаилов бул жолу да 1-орунду багындырып, 1500 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

   Эске салсак, Нооруз майрамына арналган спорттук мелдештин жалпы байге фондусу 25 миң сом. Ошондой эле Башкармалык тарабынан майрамдык стол жана тамак-аш уюштурулган.

            
 

            

           

Бардык жаңылыктар