Майрам алдындагы “Марал” радиосундагы маек

20 Марта 2014

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаев “Марал” радиосунда түз эфирдеги маекке катышты.

  Белгилей кетсек: бул маек Нооруз майрамын утурлап, ишкананын азыркы абалы, жыл жыйынтыгы жана 90 жылдык мааракени белгилөө багытында сөз жүрдү. Алгач, Аргынбек Малабаев эң алгачкы поезддин Кыргыз жергесине келиши, темир жолунун калыптанышы жана анын маанисине кеңири токтолду. Андан соң 2013-жылдын жыйынтыгы менен 7 млн. тоннадан ашык жүктөр жана 500 миңге жакын жүргүнчүлөр ташылгандыгын ошондой эле мамлекеттин казынасына салык түрүндө жыл ичинде 400 млн. сомдон ашык каражат төлөнгөндүгүн билдирди.   Мындан тышкары вагон чарбасы, вагон ремонттоочу завод туурасында да сөз жүрдү. Жетекчинин айтымында Россиядан алынган кошумча вагондор жакында кайтарылып берилет. Анткени, ишканага караштуу вагондор толук ремонттон өтүп, кызмат кылып жатат.

   Ал эми кадр маселеси боюнча ишканада атайын программа боюнча иш жүрүүдө. Ага ылайык, кошуна мамлекеттерден атайын билим алып келген адистер бар. Окуу үчүн сарпталган каражат ишкана тарабынан каржыланат.

  Түз эфирдин соңунда темир жолдогу көйгөйлөр жана анын чечүүнүн жолдору ачык айтылды.

Бардык жаңылыктар