“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Нооруз майрамында спорттук оюндарды өткөрөт

19 Марта 2014

“Кыргыз темир жолуна“ караштуу Локомотив” спорт комплекси Нооруз майрамында спорттук мелдештерди өткөрүүгө камынып жатат.

   Бул күнү темир жолчулардан түзүлгөн командалар мини-футбол боюнча мелдешип, кол күрөш, аркан тартыш жана гир көтөрүү боюнча күч сынашышат. Жалпысынан 10 команда беттешүүлөрдү өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер берилет. Мындан тышкары өзгөчөлөнгөн спортчуларга атайын Ардак грамоталар тапшырылат.
   

 Ишкананын жетекчиси Аргынбек Малабаевдин айтымында: мындай мелдештер темир жолчуларды сергек жашоого чакырып, алардын ден-соолугун бекемдейт, жана албетте өндүрүшкө өзүнүн оң натыйжасын берет.
 

  Мини-футбол боюнча биринчи орунга ээ болгон командага 8 миң сом, экинчи орун үчүн  5 миң сом, жана үчүнчү орунга татыктуу болгон командага 3 миң сом акчалай сыйлыктар берилет. Мындан тышкары спорттун башка түрлөрү боюнча миң сомдон үч миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар белгиленген. Жалпы байге фондусу 25 миң сом. Ошондой эле Башкармалык тарабынан майрамдык стол жана тамак-аш уюштурулган.

   Учурда ишканада жаз майрамын өткөрүү боюнча жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Темир жолчулар клубунун аймагына жана “Пишпек” эс алуу багына арча көчөттөрү олтургузулду. Ошондой эле бардык филиалдарда бүгүн түштөн кийин айлана-чөрөнү тазалоо максатында ишембиликтер өтүп жатат.

Бардык жаңылыктар