Оорукана

Темир жол ооруканасынын тарыхы

Кыргызстандын Темир жол ооруканасы 1918-жылы СНКнын чечими менен өзүнчө медициналык мекеме катарында түзүлгөн. Анын башкы максаты: темир жол кызматкерлери үчүн медициналык көзөмөлдү камсыз кылуу, профилактика, жана поезддердин коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет.

  Ал эми Кыргыз темир жолунун эң алгачкы фельдшердик пункту 1931-жылы “Пишпек” станциясында ачылган. 1938-жылы 35 орунга ылайыкташтырылган биринчи оорукана түзүлүп ишке берилет. Ал темир жол клубунун имаратында жайгашкан болучу.

  1944-жылы темир жол ооруканасынын эң алгачкы Башкы дарыгери болуп, доктор Бунин дайындалат. Кийинчереек 1946-жылдан тартып, 1960-жылга чейин оорукананы анын өмүрлүк жары Е.Д. Игнатьева башкарат.

  Андан соң узак жылдар бою оорукананын бейтапкана кызматын “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери” жогорку категориядагы дарыгер Коган Леонид Израилович жетектейт.

  2008-жылдан тартып, темир жол ооруканасынын Башкы дарыгери кызматында - “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо кызматынын отличниги”, жогорку категориядагы дарыгер – Сулайманов Сатимкул Батырбекович эмгектенип келет.

  Темир жол кызматкерлерин жана жүргүнчүлөрдү медициналык жактан тейлөө максатында учурда 12 саламаттыкты сактоо пункттары ачылып, үзүрлүү иштеп жатат. Анын ичинен 3 медпункт сутка бою иштейт. Алар: “Локомотив ДЕПОсунда” “Бишкек – II” станциясында жана “Энелер менен балдардын бөлмөсүндө” жайгашкан.

  Бүгүнкү күндө темир жол ооруканасында 212 кызматкер иштейт. Анын ичинен 51 дарыгер, 97 мээрмандар, 41 кичи медициналык кызматкерлер.

  Аталган медициналык кызматкерлер темир жол кызмактерлерине жана калкка тийиштүү деңгеелде медициналык жардам берүүгө иш тажрыйбалары жана адистиктери жетиштүү.

  Учурда оорукананын администрациясы республиканын саламаттыкты сактоо мекемелери, жана “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгы менен тыгыз байланышта кызматташып келет.