Жаңылыктар
-
20 Сентября 2022
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жабыр тарткан жердештерибизге гуманитардык жардам жөнөттү
Баткен облусундагы болуп жаткан кырдаал жалпы кыргызстандыктарды жапа тырмак бириктирип, ынтымактуу, бирдиктүү, мекенчил эл экенибизди дагы бир ирээт далилдеп койду.
-
19 Сентября 2022
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын кызматкерлери бир күндүк маяналарын Баткен облусунун тургундарына которот
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган Баткен районунун тургундарына жардам катары которот.
-
15 Сентября 2022
Самаркандда КР аймагындагы тилкеде “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду
14-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке).
-
13 Сентября 2022
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан” транспорт коридору аркылуу товарларды жеткирүүнү тездетүү маселеси талкууланды
2022 -жылдын 8-9-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Кытайдын эл аралык логистикалык компаниясынын катышуусунда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын темир жол администрацияларынын өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
-
12 Сентября 2022
Эл аралык кызматташуу
2022-жылдын 9-сентябрында «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын саясий стратегия жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти Идил Билгич-Алпаслан айым жетектеген ЕРӨБдун өкүлдөрү менен жолугушту.
-
6 Сентября 2022
Кыргызстанга туристтик поезд келди
Кыргыз Республикасына Германиядан туристтер туристтик поезд менен келишти. Алардын келүүсүнүн максаты - өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхий жана маданий мурастары менен таанышуу.
-
2 Сентября 2022
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкекте бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
-
2 Сентября 2022
Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү тууралуу
Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкармалыгында, Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын, Бишкек-1, Бишкек-2 темир жол бекеттеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү менен таанышып кетишти.
-
26 Августа 2022
Бишкек-2 — Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы сентябрда токтойт
Урматтуу жүргүнчүлөр! «Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап токтоорун маалымдайт.
-
18 Августа 2022
«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушу: 2022-жылга пландалган 5 чакырым жолдун 70 пайызы бүттү
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 км түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун участогун куруу жумуштары аткарылууда.