«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын спортчусу грепплинг UWW боюнча дүйнө чемпионатында I орунду камсыз кылды.

19 Октября 2018

Астана шаарында эң алгачкы жолу грепплинг боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Мелдеш 3-сентябрьда башталып, 3 күнгө созулду. Ага дүйнөнүн 20 мамлекетинен 800 гө жакын спортчулар катышты.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын документтерди иштеп чыгуу бригадири Айбек Арсымбетов мелдеште эң сонун оюн көргөзүп, алтын медальды жеңип алды. Ал 62 салмакта Gi версиясы боюнча күрөшкө чыкты.

Мындан тышкары No Gi версиясы боюнча коло медальга татыктуу болду. Айбек Арсымбетов соңку 12 жылдан бери күрөштүн самбо жана дзюдо түрү боюнча машыгып келет.

Эске салсак, акыркы мезгилде грепплинг өтө популярдуу болуп бара жатат. Спорттун бул түрү: классикалык жана эркин күрөштү, дзюдону, самбону жана казак күрөшүн бириктирип турат.

Бардык жаңылыктар